17:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекти кышка даярдашууда

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында келе жаткан жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана масштабдуу ишембилик өткөрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жай-коммуналдык чарба департаментинин маалыматы боюнча, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тарабынан 62 откана даярдалып, 4 откананын оңдоо иштери жакынкы аралыкта бүткөрүлүп, жылуулук тармактары 40 пайызга оңдолду. «Бишкекжылуулуктармагы» филиалы тарабынан жылуулук тармактарын оңдоо иштери 67 пайызга, жылуулук тармактарынын капиталдык курулушу 71 пайызга, үй ичиндеги тармактарды алмаштыруу 71 пайызга аткарылган.

Мэр борбор калаанын акимчиликтерине МАБ менен биргеликте 17-сентябрда өтө турган жалпы шаардык ишембиликке шаардыктарды, чарбалык субъекттерди тартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошондой эле, борбор калаанын мэри коммуналдык кызматтарга келерки кышка өз убагында жана сапаттуу даярданууну, бардык иштерди өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар