15:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек жаз айына даярдык көрүүдө

Кызматтар борбор шаарды келе жаткан жазга карата көрктөндүрүү иштерин күчөтүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаардын ирригацияларын кол менен жана механикалык тазалоо иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Тоголок Молдо, Раззаков көчөсү Түгөлбай ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин, Куттубаев, Каралаев, Исанов, 7-апрель, Бөкөнбаев, Манас, Чүй көчөлөрүндө кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. «Бакай Ата» конушунда жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын башкы аянтындагы пресс-стенддерди жана темир тосмолорду жаңыртып жатышат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын желеги илинген столдун темир тосмолору сырдалып, оңдолгон, Эркиндик бульварындагы пресс-стенддер жаңы айнек менен кылдаттык оңдолду.

Эң көп окулган жаңылыктар