08:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте болгон ок атышууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катыштыгы бар

Бишкекте болгон ок атышууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катыштыгы бар. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди. 

Окуя Гагарин менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Алдын ала маалыматка ылайык, 6 гильза табылды. Укук коргоочулар кандай курал менен атышканын аныктап жатышат. Ок атышууга Сакал каймана аты бар Улан Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн катыштыгы бар», — деп билдиришти редакцияга.

Эске салсак, кечээ Бишкекте ок атышуу болгону кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар