04:18
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Кыргыз-тажик чек арасында кайтадан ок атылды

2022-жылдын 14-сентябры мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөө учурунда Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин чек ара кезметин аныкташкан, алар болсо өз учурунда тараптардын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеген.

Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган.

Буга жооп катары КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары да курал колдонушкан.

Чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу башталып, тажик тарап минометторду колдонгон.

2022-жылдын 14-сентябры саат 09:30га карата ок атышуу маал-маалы менен болуп атат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

Баткен чек ара отрядынын башчысы чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кетти.

Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы генерал-майор X. Пиракзоданын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү болду.

Тараптар жолугушууну пландап жатышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар