«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иштин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Джаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты. Тергөө улантылууда.

