16:29
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өзбекстан менен Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Быйыл октябрь айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 10-сентябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин өкүлү Роза Карибжанова менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты жана жакында өтө турган иш-чараны талкуулашты.

Жолугушуу Нур-Султан шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин Маданий кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду. Казак тарап Кыргызстандын маданият ишмерлерин эл аралык «Алем саз» каада-салт фестивалына катышууга чакырды.

Ошондой эле быйыл ноябрда Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Чыңгыз Эсенгул уулу Нур-Султанда Өзбекстандын маданият министри Муроджон Мажидов менен жолугуп, иш-чара тууралуу пикир алмашты. Тараптар археология, музей иши, эстеликтерди реставрациялоо боюнча да сүйлөшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар