22:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Камчыбек Ташиев президенттин сыйлыгы ага күтүүсүз болгонун айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин ага «Кыргыз Республикасынын баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарганы күтүүсүз болгонун билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанатынан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ташиев өз сөзүндө мамлекеттик жогорку наам үчүн Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

«Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Көп жыл өтсө дагы биздин эмгекти баалап, эң жогорку артыкчылык даражаны ыйгаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. УКМКнын бүгүнкү аткарып жаткан жана келечекте аткара турган жумуштарынын эң негизги багыты — мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоо. Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер жумуштарын так аткарып жатат жана мындан ары да аткара берет деп ишенем», — дейт Ташиев.

Белгилей кетсек, президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрүп берген.

Эң көп окулган жаңылыктар