USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Орусия Кыргызстандагы аскер базасынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

11:31, 25 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтүп жатканын бул өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 24-августта Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында айтканын Орусиянын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Шойгунун айтымында, Орусия Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскердик базаларынын жана башка күчтөрүнүн даярдыгын Ооганстандагы абалдан улам пайда болушу ыктымал кризистик кырдаалдарга чара көрүү максатында бекемдеп жатат. Ал Ооганстанда өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган жана «Ал Каида» эл аралык террордук топтор активдешип жатканын белгилеп, муну Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч деп атады.

Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы сыноо базасы, Чалдыбар кыштагындагы байланыш түйүнү, Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт. Мурда бул объекттердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы макулдашууга кол коюлуп, Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика