05:43
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Казакстан дагы эле Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унааларды кармоодо

Казакстан дагы эле Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унааларды кармоодо. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жүк ташуучулардын кесиптик бирикмесинин төрагасынын орун басары Игорь Голубев билдирди.

Анын айтымында, унаалар үч жумадан бери Казакстандан чыга албай жатышат. Алар көбүнчө жеңил өнөр-жай товарларын, айрыкча мектепке ылайыктуу кийимдерди алып бара жатышкан.

«Кармоо учурунда айдоочуга эч кандай документ беришпейт. Машинаны өткөрбөө үчүн ар кандай себептерди айтышууда. Биз казак тарапка кат менен кайрылдык, бирок жооп жок. Кошуналар келишимди сактабай жатышат», — дейт Игорь Голубев.

Эң көп окулган жаңылыктар