21:51
USD 89.43
EUR 96.69
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Оштогу өкүлдүн орун басары болду

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы жардамчысы Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

36 жаштагы Эрнис Толтоев Ош мамлекеттик университетин аяктаган. 2015-жылдарга чейин Ошто ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеген. 2016-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2017-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы, ал президент болгондон кийин мамлекет башчынын жардамчысы болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
29-февраль, бейшемби