11:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кадамжайдагы «Нургазиев» каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан

Кадамжай районундагы «Нургазиев» туннели Өзбекстандын аймагына өтүп кетүү коркунучу жок. Бул тууралуу өкмөтүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Обладминистрация айтымында, «Нургазиев» каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт.

«Аталган канал Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстандын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт», — дейт обладминистрация.

Өкүлчүлүк бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эместигин белгилейт.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Бурун Аманова, демаркация иштеринин жүрүшүндө, Кадамжай районундагы «Нургазиев» туннелинин башы, Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар жана аймактагы элдин кызыкчылыгын коргоо, стратегиялык обьекттин сатусун эске алууну белгилеген.

Эң көп окулган жаңылыктар