12:09
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

Ош шаарында жол кырсыгы 28 пайызга кыскарды

2022-жылдын алты айында Ош шаарында 200 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта жол кырсыгы 28 пайызга азайганы белгиленет.

Январдан бери 281 киши жол кырсыгында жабыркады.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын алты айында Ошто жолдо 7 киши каза таап, 383 жабыркаган.

Жашы жете элек атуулдардын катышуусунда 65 кырсык катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 24 пайызга азайды.

Эң көп окулган жаңылыктар