Президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.
Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту.
Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашышты.

