10:49
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Түркмөнстанда COVID-19га каршы чаралар күчөтүлүүдө

Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келаткан түркмөн бийлиги COVID-19га каршы чараларды күчөтүүдө.

25-июлда "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы көчөлөргө дезинфекциялык каражаттар чачылып, элге базарларда беткап тагынып жүрүү көрсөтмөсү берилгенин билдирди.

"Элдер беткап тагынбаганга көнүп калышкан, эми антип жүрүүгө болбойт. 25-июлдан баштап балдар бала бакчаларга салфетка жана антисептик алып барып турууга тийиш. Мунун бардыгы элди чочутуп атат", – деди кабарчы.

Дагы бир журналисттин айтымында, дем алыш күндөрү санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери Ашхабаддагы көчөлөрдү жана коомдук жайларды хлор менен тазалашкан.

Саламаттык сактоо системасында иштеген айрым булактардын маалыматына караганда, түркмөн бийлиги 1-августта COVID-19га каршы жаңы чектөөлөрдү киргизүүнү пландап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар