15:35
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

«Жал» кичи районунда 12-кабаттан кулаган өспүрүм каза болду.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 17-июль күнү саат 02:50 чамасында 102 кызматына Жал кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанынан кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу чыгып, 2007-жылы туулган Ж.Ж. аттуу өспүрүм кыз болжол менен саат 02.35те Жал кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап, алган жараатынан улам жеринде каза болгондугун аныкташкан.

Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар