14:13
USD 86.46
EUR 93.37
RUB 1.03

Сузакта милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

Жалал-Абад областынын Сузак райондук ИИБ кылмыш иликтөөсүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан.

К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз дешип 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 миң сомун мурда алышкан.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КР УКМК Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар