Кыргызстан Тажикстандын 20 жылга соттолгон эки жаранын калган жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөсү үчүн Душанбеге өткөрүп берди. Бул тууралуу «Озоди» радиосу Тажикстандын Согд облустук прокуратурасындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, кеп Лейлек райондук соту «тынчтыкка каршы кылмыш жасоого» жана «талап-тоноого» күнөөлүү деп тапкан Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов жөнүндө болууда. Алгач алар өмүр бою эркинен ажыратылып, 2021-жылы декабрда Баткен облустук соту жазаларын жумшартып 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.
«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, соттолгон тажик жарандары 7-июнда Бишкектен Хожентке жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда Тажикстандын Башкы прокуратурасы алардын ишин карап жатканы, жакынкы күндөрү чечим чыгарары кабарланууда.
Азырынча Кыргызстандын расмий органдары бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

