Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага 16-июнда учуп кетишет. Бул тууралуу муфтият маалымдады.
Алардын маалыматында, зыяратчылар Медина шаарына түз каттам менен учуп барышат.
«Ар бир учуучу топто 405 кишини 8 ажы башчы коштоп бармакчы. Зыяратчылардын акыркы тобу 22-июнда Медина шаарына жөнөйт», — дейт муфтият.