Чек арадагы ок атышууда жабыркаган эки аскердин биринин абалы оор. Бул тууралуу Баткен облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки аскер тез жардам бригадасы менен Баткен облустук бириккен ооруканасына алып келинди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жабырлануучунун абалы оор, экинчисинин абалы орто.

