09:11
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Токмокто үч окуучуга чагылган тийип, бирөө каза болду

Токмок шаарында 2-июнда кызга чагылган тийип каза болду. Чагылган дагы эки окуучуга тийген, учурда алар ооруканада. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады. Ооруканадагы балдардын абалы туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинен окуянын чоо-жайы кенен айтылган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар