00:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектеги Кропоткин көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, 29-майдан тарта Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине тоскоолдук жараткан тосмолор жана чарбалык курулуштар бузулат.

Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

Ишти ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар