16:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Куран менен ойнобогула. Муфтият билдирүү таратты

Муфтият Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын Куран, адам жана арам боюнча айтканына байланыштуу билдирүү таратты.

Мусулмандар дин башкармалыгы эл өкүлдөрүн өз иши менен алек болуп, Куранга түшүндүрмө бербөөгө чакырат.

«Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт. Ар бир адам акылына жараша иш кылуусу керек. Кудай Тааланын мыйзамына каршы чыкпагыла. Аллах айткан нерсени пенде өзгөртө албайт. Ыйык Куранда кайсыл нерсе арам, адал экендиги 14 кылым мурда эле айтылып, кыяматка чейин сактала берет. Куранда айтылган арам нерсени эч ким адал кыла албайт. Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок», — дейт муфтият.

Диний аалымдар эл өкүлдөрүн Куранды чечмелөөдө адистер менен кеңешүүгө чакырат.

«Ар бирибиздин Алла Тааланын алдына баруучу күнүбүз алыс эмес. Курандан колуңарды тарткыла! Акыл жетпеген иште, адис менен кеңешүү керек. Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тообо кылгыла», — дейт ал.