09:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат Шайлообек Атазов: Мен баарыңа жаккыдай доллар эмесмин

Депутат Шайлообек Атазов шаршемби күнү «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттарын ортосунда чыккан чыр боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
 
Ал депутат Айсулуу Мамашева менен эч кандай урушкан чатакташуу болбогонун айтат.
 
«Айсулуу Турусбековна «Ата Мекен» партиясынын эң билимдуу депутаты. Мен аны тарбиялуу үй-бүлөдөн чыккан, чыгаан саясатчы, жакшы атанын кызы деп урматтап сыйлайм. Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Кечээ күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болгон», — дейт ал.
 
Депутат кыз-келиндер сый урматы күч экендигин белгилейт.
 
«Кээ бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жумурткадан кыр издеп, мени каралоо менен алектенип жатасыздар. Сиздерге да кудайдан ыйман, бакыт тилейм. Силер каалагандай болуп журуш үчүн, баарыңарга жагыш үчүн мен доллар эмесмин», — дейт ал.
Эң көп окулган жаңылыктар