19:22
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Өзгөндө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, тогузу жаракат алды

Бишкек — Ош жолунун 595-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдыыл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Toyota land Cruiser жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда 1991-жылы туулган М.Н. каза болуп, 9 киши ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин маркумдун жансыз денесин жана оор жаракат алган жарандарды тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. 4 куткаруучу тартылып, жеңил жаракат алган жарандарды Өзгөн райондук ооруканасына жеткиришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар