USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Садыр Жапаров банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

12:34, 10 мая 2022, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызмсаты билдирет.

Президенттин айтымында, өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө банк чөйрөсүнүн ролу чоң.

«Акыркы жылдары экономика COVID-19 пандемиясынын терс таасирине карабастан өнүгүүсүн улантуу менен, дүйнөдөгү геосаясий жагдайга байланыштуу жаңы тоскоолдуктарга да дуушар болууда. Глобалдуу саясий жана экономикалык туруксуздук шартында Кыргызстандын финансы-кредит уюмдарынын ишиндеги негизги көрсөткүчтөрдүн бекемдиги жана туруктуулугу жалпы банк секторунун туруктуулугун сактоого шарт түзөт.

Ошондой эле банк секторунун кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнө байланыштуу жана ишке болгон ак ниет, чыгармачыл мамилесинен улам, жарандардын финансылык көз карандысыздыгын жана мамлекеттин туруктуулугун бекемдөө боюнча негизги максаттарды жана милдеттерди ишке ашыра алабыз деп ишенем», — деп айтылат куттук сөздө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика