03:38
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Өлкөдөн чыгып кетүү, багытын өзгөртүү. Кыргыз журналисттери эмнеден коркушат?

Кыргызстандын Борбордук Азиянын демократиялык аралчасы аталуусуна өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын салымы күч. Сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн журналисттердин артынан демократиялык принциптер коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу коомго жайылууда. Бирок ошол эле учурда ЖМК кызматкерлеринин жеке коопсуздугуна кооптонуу жаралган учурлар да жок эмес.

24.kg агентиги кыргыз журналисткасына карата коркунучтарды тизмектеди.

Уруп —сабоо

Журналисттерге кол көтөрүү, ур-токмокто көп катталган көрүнүш. Жада калса айым кабарчылардын дагы соккуга кабылган учуру болот. Мындан бир нече жыл мурда КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат берүүсүнүн кабарчыларына электр жарыгын төлөбөгөн абонентерге карата рейд учурунда кол салуу болгон.

Май айында Ош шаарында кумаркана катары шек жараткан жайга барган «Азаттык» радиосунун журналистти Ыдырыс Исаковду кароолчулар кармап, колун кайрып, чөнтөк телефонун алып алууга аракеттенишкен. Сентябрь айында эле радионун оператору Айбек Кулчумановго Ош шаарында кол салуу болду.

2016-жылы журналист Турат Акимовду үйүнүн алдынан катуу токмоктоп кетишкен. Ал бул кол салууга ИИМдин жетекчиси Мелис Турганбаевди айыптаган.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Турат Акимов

2017-жылы «Де-факто» гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов сабалганы айтылган. Эртеси күнү эле ал милицияга тосмо арыз менен кайрылган. Ушул эле жылы Ошто НТС телеканалынын кабарчысы Мирбек Айтикеевге кол салуу болот.

Август айында Кой-Ташта Next TVнын кабарчысына карата күч колдонулган.

Коркутуп-үркүтүүлөр

Көп учурда журналисттерге кысым жасоо аракети көрүлөт. Телефон чалып сотко берем деп коркутуп үркүтүүлөр болот. Айрым учурда саясатчылар аброюн салып, жетекчилик аркылуу басым жасаган учурлары дагы кездешет. Мындай кадамдар адатта коомчулукка жарыяланбайт. Бирок, андан кийин медианын багыты өзгөртүлүп, же жеке кабарчы боюнча кеп болсо анда анын жумшарып калганын байкоого болот.

Жаш журналистти Үпөл Анаркулова мындан 2 жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын телефон аркылуу ыплас сөздөр менен сөгүп, коркутканын ачыкка чыгарып айыбын ачкан.

Өлкөдөн чыгып кетүү


Эгемендүүлүк жылдарынан бери бир катар журналисттер чет өлкөдөн башпаанек алышты. Алардын катарында белгилүү жана өз өмүрүн тобокелге салып иштегендер, калың коомчулукка анчейин белгисиздер дагы бар. Алар Кыргызстанда ага жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатканын далилдеши керек.

 Адатта саясый башпаанек алгандар жашаган өлкөсүн жарыялап, макамынан баш тартмайын мекенине кайтып келе алышпайт. 

2009-жылдары саясый аналитик Сыргак Абдылдаев бычак менен кол салуудан кийин чет өлкөлүк элчиликтин жардамы менен Кыргызстандан чыгып, Европа өлкөлөрүнүн биринен саясый башпаанек алганы белгилүү. Ошол эле жылы белгилүү журналист Бермет Букашеванын АКШдан башпаанек сураганы кабарланган.

2008-жылы ал кездеги президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулуна байланыштуу маалыматтарды жарыялап, куугунтугуна кабылган журналист Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев Женевадан баш калкалоо алышкан.

КТРКнын журналистти Кайрат Биримкулов 2007-жылы ур-токмокко кабылып, Швейцарияга чыгып кеткен.

2009-жылдан бери журналист Асыран Айдаралиев Финляндида башкалкалап жашоодо.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Асыран Айдаралиев

2018-жылы КТРКнын журналист Эльнура Молдокадырова менен жаш саясатчы Ринат Самудинов АКШдан башпаанек алганын жарыялашты. Белгилей кетсек, Ринат Самудинов Алмазбек Атамбаевдин жетектөөсүндөгү КСДПнын мүчөсү катары келишпестиктерге дуушар болгон.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда журналист Адилет Айтикеев 2016-жылы АКШга барып, кайра келген эмес. Ал башкалкалоо сурап, үч жыл күткөн. Бирок, быйыл грин-карта утуп гана өлкөдө мыйзамдашты.

Саясый талдоочу Уран Ботобеков Алмазбек Атамбаев менен анын жакын кишиси Икрамжан Илмияновго сотто утулгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

2017-жылы белгилүү журналист Улукбек Бабакулов Франциядан саясый башпаанек алган.

Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде өлкөдөн качкан алгачкы журналист — Мирбек Айтикеев. Белгилей кетсек, Мирбек КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү да болчу. Ал 2019-жылдын август айындагы Кой-Таштагы окуядан кийин дайынсыз болгон. Айрымдар Мирбек Айтикеевди АКШда агасы Адилеттин жанына кеткенин маалымдашкан. Мирбек Айтикеев жакында Швецияда экендигин жарыялады.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Мирбек Айтикеев

Сырдуу өлүм

Ош шаарындагы журналисти Алишер Саиповдун өлүмүнүн чыныгы жүзү дагы эле ачыла элек. Жакында эле бул кылмыш кайра тергөөгө жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Алишер Саипов 2007-жылы октон каза тапты.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Алишер Саипов

Геннадий Павлюкту 2009-жылы Алмата шаарында буту-колун байлап көп кабаттуу үйдөн ыргытып жиберишкен.

«Азаттык» радиосунун журналисти Улан Эгизбаев 2018-жылы жай айында Ысык-Көлгө чөгүп кеткен. Анын өлүмүнө байланыштуу «Акун» пансионатындагы коопсуздук чаралары толук сакталбаганы айтылып, ал боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, Уландын окурмандары анын өлүмүн кокустук катары кабыл алуудан баш тартып, журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу атайын буйрутма катары эсептешет.

Эң көп окулган жаңылыктар