21:52
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Талант Мамытов энергетиканын көйгөйлүү маселелерин атады

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда, энергетиктерди кесиптик майрамы — өлкөнүн Энергетиктер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы билдирет.

Талан Мамытовдун айтымында, энергетика өлкөнүн экономикасынын флагманы, жарандардын жашоо-тиричилиги жана ири өнөр жай объектилери үчүн зарыл шарт болуп эсептелет. Ошондуктан, энергетика тармагы — республикабыздын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен өзгөчө тармак.

«Мындан туура бир кылым мурда — 1920-жылдын 22-декабрында, Кыргызстанда алгачкы гидроэлектрстанцияларды куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бүгүнкү күнү биздин энергетикалык комплекске өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыз кылган ири 7 ГЭС, ири 2 ЖЭБ, Токтогул суу сактагычы, жүздөгөн подстанциялар жана жүздөгөн километр электр өткөрүүчү чубалгылар, жылуулук линиялары, чакан ГЭСтер жана башка энергетика объектилери кирет, ал эми 16 миңден ашуун адис алардын күнү-түнү иштөөсүн камсыз кылууда», — деди ал.

Бул жылы энергетиктер коронавирус пандемиясы күчөгөн мезгилде медиктер сыяктуу эле саламаттык сактоо системасынын жана ар бир кыргызстандыктын жашоого зарыл болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн жумуш орундарында калып, ишти улантып жатышты.

«Энергетикада бир нече олуттуу долбоорлор ишке ашырылды, бирок ошол эле учурда алдыда олуттуу чечимдерди жана жаӊыча ыкмаларды талап кылган заманбап чакырыктар турат. Алардын негизгилери жабдууларды андан ары модернизациялоо, энергия натыйжалуулугун, энергетикалык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, энергетикада долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү болуп эсептелет», — деп, Мамытов энергетиктерге чыӊ ден соолук, бакты-таалай ишитерине ийгилик каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар