04:50
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кеминде ээр токуму менен ат уурдаган жаран кармалды

Кеминде ээр токуму менен ат уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин РИИБине 1989-жылы туулган К.С. арыз менен кайрылган. Өз арызында, короодогу атын ээр токуму менен уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү айткан.

Бул факт Кемин РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Чүйоблусунун Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип 2002-жылы туулган А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар