12:34
USD 84.48
EUR 102.48
RUB 1.15

Бишкекте маршруткаларда уурулук менен алектенген топ кармалды

Бишкекте маршруткаларда уурулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, топтун өкүлдөрү бир нече кылмышка шектелүүдө. Алар коомдук транспортто уурулук менен алектенишкен. 

«Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына маршруткада 10 миң сомдук телефонун уурдатып алган жаран кайрылган. Шектүүлөр изи сууй электе дароо кармалды. Алардын улуусу 37, кичүүсү 21 жашта. Арасында аял да бар", - дейт милиция. 

Эң көп окулган жаңылыктар