22:22
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Садыр Жапаров Венгрия министрин «Достук» ордени менен сыйлады

Садыр Жапаров расмий сапар менен келген Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчысы ошондой эле, министр Сийяртону жана «ФИДЕС» башкаруучу партиясын жакында болуп өткөн парламенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады.

Садыр Жапаров Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону «Достук» ордени менен сыйлады, анын кыргыз-венгер мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн жана достугун чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи.

Өз кезегинде Петр Сийярто жылуу кабыл алгандыгы жана «Достук» ордени менен сыйланганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен бул сыйлыкты алганыма сыймыктанам. Бул мен үчүн Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча аракеттеримди улантууга түрткү берет», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар