USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Акылбек Жапаров маморгандарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну кыскартууну тапшырды

12:56, 18 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Ал президент администрациясына тийиштүү чечимди иштеп чыгып, киргизүүнү тапшырды, ага ылайык, мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүү тапшырылат. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50%га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи, анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет, ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул дагы глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.

Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.

Мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуулардын жол-жобосун иштеп чыгуу жана документти Финансы министрлиги менен макулдашуу тапшырылды.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика