10:26
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга тыюу салынат

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга тыюу салышмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угууда Соцфондунун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Айтымында, пенсияны жогорулатуу үчүн бир катар реформалар сунушталууда.

«Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгууга тыюу салууну пландаштырып жатабыз. Ал эми бийик тоолу аймактарда жашагандарга пенсияга чыгуу шарттарын өзгөртөбүз. Мисалы, мурун үч баланын энеси 45 жашында пенсияга чыкса, азыр 48 жаштан чыга тургандай кылалы деп жатабыз. Себеби жашоо узактыгы өсүүдө», — деди Жуматаева.

Эң көп окулган жаңылыктар