15:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Таберик» театры 65 жылдык мааракесин белгиледи

Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева жаш артисттерди, мугалимдерди жана жетекчиликти «Таберик» балдар музыкалык театрынын 65 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мааракенин урматына бий топторунун катышуусунда концерт тартууланды. Майрамга 1960-2000-жылдардагы бүтүрүүчүлөр да чакырылган.

Белгилей кетсек, театрда 4 жаштан 16 жашка чейинки 500дөн ашык таланттуу балдар өнөрлөрүн тартуулашат.

Эң көп окулган жаңылыктар