Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Окуя 5-апрелде кечке жуук болгонун Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Каза болгондордун бири 37, экинчиси 31 жашта. Алар Өзбекстанда туулуп өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү кабарланды.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече кыргыз жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылып, кошуна өлкөнүн аймагына 500 метр киргени аныкталган. Өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийбей, аларды кармоо учурунда чыр чыккан.
«Өзбек чек арачылары өз өмүрүн жана саламаттыгын сактап калуу үчүн курал колдонуп, эки жаран каза болгон. Калгандары Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн», — деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.
Өзбек чек арачылары алар жалпы суммасы $20 миңден ашуун жүктү аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылышканын маалымдаган.

