05:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

1-майдан 9-майга чейин эс алуу күндөрүн жарыялоо сунушталууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «2022-жылы майда эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбооруна ылайык, КР министрлер кабинетинин аталган токтом долбоору КР Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык иштелип чыккан. Кызматкерлер тарабынан дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында бул долбоор дем алыш күндөрүн жумуш күнүнө которууну сунуштайт.

Долбоордо мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иштөө тартиби боюнча иштеген кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуусу сунушталат.

Ошондой эле дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында бул долбоор менен беш күндүк иш жумасынын графиги менен иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пункту менен 2022-жылдын май айына ылайык майрам күндөрүн жылдырууну сунуштоо сунушталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар