Кыргызстанда доллар төмөндөп жатат. Бүгүн эле ал 2 сомго арзандады.
Учурда АКШ валютасын Бишкектеги коммерциялык банктар 79,5-80 сомдон сатып алып, 81,5-82,5 сомдон сатууда.
Улуттук банкта расмий курс 83,309 сом.
Рубль 0,8-0,92 сомго сатып алынып, 1,01-1,05 сомдон сатылууда.
Белгилей кетсек, Улуттук банк кечээ валюта рыногундагы долларларды сатып алган. Бирок, ал АКШ валютасынын наркын көтөрүүгө жардам берген жок.