Жогорку Кеңеште белгилүү хирург Эрнист Акрамовго батир берүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн депутат Исхак Масалиев билдирди.
Анын маалыматында, Эрнист Акрамовдо үйү жок.
«Ал учурда жумушсуз калды. Анын өзүнүн үйү жок. Буга чейин депутат да болгон. Мүмкүн болсо батир берсек. Жогорку Кеңештин турак жай фондунан карап чыксак», — дейт ал.
Белгилей кетсек, кечээ саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облустук ооруканасынын илимий борборуна жаңы жетекчи дайындады.

