Дайыма урчу. Чыдап жүрдүм
2021-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 10 миң 151 үй-бүлөлүк зомбулук фактысын каттаган болсо, катталбагандардын саны андан бир кыйла көп болушу мүмкүн. Көбүнчө жабырлануучулар зордук-зомбулукка кабылгандагынын окуясын жашырып, милицияга кайрылышпайт. Ал эми жабырлануучу өзүнүн кылмышкери жөнүндө арыз жазып, ишти аягына чейин чыгарган учурлар — тескерисинче, чанда кездешет. Маселен биз, 22-февралда Ошто болгон окуяны кандай жыйынтыкталаарын карап турабыз. Мас абалындагы күйөөсү 35 жаштагы жубайынын кабыргасын жана манжасын сындырып салган. Буга чейин эки жолу соттолгондугу бар ал адам аялына такай кол көтөрүп келгендигин жаш келин мойнуна алды.
Албетте, куру цифраларга жамынган коркунучтуу статистиканын артында талкаланган тагдырлар катылып калып жаткандыктан, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, мындай учурларга тез жана натыйжалуу чара көрүү, кыйноого кабылгандарды моралдык жана физикалык жактан калыбына келтирүү боюнча комплекстүү чараларды колдонууну талап кылат.
Мындай ар тараптуу жардам эми АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жакында жарыялаган үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын колдоо боюнча жаңы демилгесинин негизинде көрсөтүлөт. USAIDдин «Жигердүү жарандар» жана «Атаандаштык ишканалар» долбоорлорунун алкагында, өлкө боюнча кризистик борборлор үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоо жана аларга жардам берүү үчүн биргелешип иш алып барышат. Ага ылайык, маалымдоо кампаниялары аркылуу зордук-зомбулукту алдын алып, «таза барак» менен жаңы жашоо баштоого даяр, кыйноолордон аман калган аялдарды жаңы иш орундары менен камсыздоого шарт түзүлөт.
Программа эмнени сунуштайт
Көбүнчө кризистик борборлор Кыргызстандагы жарандык коомдун уюмдарынын аракетинин аркасында иштеп, зордук-зомбулуктан аман калган аялдардын кайрадан калыбына келип, тийиштүү жардам алышына шарт түзгөн коопсуз жай катары кызмат кылат.
«USAIDдин жаңы демилгесинин аркасында, зомбулуктун курмандыктары өлкөнүн кризистик борборлорунда саламаттыгын калыбына келтирүү сыяктуу эле психикалык жарааттарын да айыктыра алышат. Керектүү психологиялык, социалдык, юридикалык жана экономикалык жардам ала алышат. Ошондой эле алар өз тиричилиги үчүн акча табуунун жаңы көндүмдөрүн үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Биз биргелешип кризистик борборлор программа аяктагандан кийин дагы муктаж болгондорго натыйжалуу жардам көрсөтүүсүн улантыш үчүн, аларды өз алдынча институт катары өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча иштерди алып барабыз», — деп билдирди, мамлекет жана кризистик борборлордун өнөктөштүгүн бекемдөө боюнча координациялык жолугушуунун жүрүшүндө, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү, Соната Коултер.
Үй-бүлөлүк зөөкүрлөрдүн кечеки курмандыктарын күчтүү жана көз карандысыз кылуу — бул программанын маанилүү максаттарынын бири. Кризистик борборлордун базасында зордук зомбулуктан жабыркагандар үчүн жумуш орундары бар кичи ишканалар ачылат. Бул тигүү цехтери же кир жуучу жай болушу мүмкүн. Расмий жумушка орношуу кордук көргөн аялдарды бутунан туруп, өзүн-өзү камсыздандыра башташына шарт түзөт.
Өнүгүү боюнча өнөктөштөр үмүт кылгандай, жаңы демилге мамлекет менен жарандык коомдун кызматташтыгын активдештирет жана бекемдейт. Бул жерде башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ойнойт, анын жетекчисинин орун басары Жаңыл Алыбаева эскерткендей, 2009-жылдан бери ведомство эки багыт боюнча мамлекеттик социалдык буйрутмалардын программасын ишке ашырып келет: бул зордук-зомбулукка жана дискриминацияга кабылган аялдарды колдоо жана мыкаачылык көрсөткөндөргө карата түзөтүү программасы. Анын үстүнө, зомбулуктун курмандыктарын колдоо программасын каржылоо жыл сайын көбөйүп келе жатат. Эгерде 2018-жылы бул максатка карата мамлекет тарабынан миллион сом бөлунгөн болсо, 2020-жылы ал 8 миллион сомду түздү.
«Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча бардык тараптардын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү механизмдери, үй-бүлөнү колдоо, балдарды коргоо жана балдарга карата ырайымсыз, зомбулук мимиле кылууну алдын алуу пландары иштелип чыгат. Мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен социалдык жактан корголбогон жарандар үчүн мекемелер түзүлөт же аларга колдоо көрсөтүлөт», — деп убада кылды өз сөзүндө Жаңыл Алыбаева.
Кризис маалында кризистик борборлор кантип жатышат
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18 кризистик борбор бар болсо, алардын бири Бишкек мэриясынын алдындагы муниципалдык борбор.
Жогорку Кеңештин депутаты, депутат айымдардын форумунун төрайымы Гүлшаркан Култаева белгилегендей, бул борборлорго кайрылгандардын 90% статистикалык маалыматтар боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар.
«Пандемия башталгандан бери үй-бүлөлүк зомбулук окуялары боюнча кайрылуулардын жана даттануулардын саны өсүүдө. Ооба, бизде мындай фактыларды алдын алуу үчүн атайын мыйзам актылары бар. Анткени менен биз бул далилдер азайып баратканын көрүп жаткан жокбуз. Демек, мыйзамдар өз максатына жетпей жатат», — деди ал.
Парламент өкүлү чоңдордун агрессиясы балдардын психикасына таасир этип, алардын балалыгын бузуп жатканына тынчсызданат. Үй-бүлөлүк зомбулуктун негизинде адам өлтүрүүлөр болуп жатат.
«Мындай фактыларды болтурбоо үчүн бардык бийлик бутактарынын күч аракетин бириктирүү зарыл. Сапаттуу билим жана коопсуз жашоо үчүн шарттарды түзүү, маалыматтык кампанияларды өткөрүп, алдын алуу иштерин жүргүзүү, милиция кызматкерлеринин зомбулук фактыларын иликтөөгө болгон мамилесин өзгөртүү, спорт жана башка тармактарда ийгиликтерге жетишкен лидер аялдарды колдоо, мамлекеттик башкаруудагы кыргызстандык аялдарынын санын көбөйтүү зарыл. Биз гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка орун калбагыдай коомду жана мамлекетти курушубуз керек», — деп жыйынтыктады Гүлшаркан Култаева.
Ачык мейкиндикте угулуп калаарына үмүттөнүп, кризистик борборлордун жетекчилери бийликке толук кандуу иштөөгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу айтып беришти. Алардын катарында айлык акынын аздыгы, коммуналдык төлөмдөрдүн кымбаттыгы, баш калкалоочу жайлардын жетишсиздиги, мамлекеттик программалардын туруксуздугу да бар.
«Өмүр булагы» коомдук фонду 2001-жылы аялдардын акыбалын жакшыртуу максатында түзүлгөн. Анын жетекчиси Токтокан Мамбетованын айтымында, ошол жылдан бери фонд өз күчү жана коомдук, эл аралык уюмдардын колдоосу аркылуу турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарга жардам көрсөтүп келет.
«Акыркы убактарда мамлекет бул көйгөйлөргө көңүл бура баштады. Анткени менен, биз ыктыярчы катары өз ишибизди улантып келе жатабыз. Мисалы, баш калкалоочу жайыбыздын жоктугуна байланыштуу, Сүлүктүдөн келген бир аял менин үйүмдө төрт ай бою жашады. Ал эми 4-5 миң сом айлык алган адистердин жашоосу кандай? Биз күнү-түнү иштеп, аба менен азыктанышыбыз керекпи?» — деп Токтокан Мамбетова эмоциага алдырып айтып алды.
Талкуунун алкагында эксперттер үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселелери боюнча кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн кантип түзүү жана жардамдын бирдиктүү ийкемдүү моделин иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты. Кризистик борборлордун өкүлдөрү бир нече тажрыйбалуу сунуштарын айтышып, социалдык мекемелерди каржылоонун жетишсиздиги маселесин көтөрүштү, ар бир тартылган түзүм өз маалыматын киргизе ала турган бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар актуалдуу маселелерди көтөрүп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулап, иш ыкмаларын, ийгиликтери менен бөлүшө турган атайын аянтчада жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу тажрыйбасын улантуу зарыл деген бүтүмгө келишти.
Албетте, үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулук маселесиндеги абалды мамлекеттин жардамысыз оңдой салуу мүмкүн эмес жана ал жөнгө салууну убада кылууда. Ар тараптуу баарлашуу ишке ашты. Жолугушууга катышкан тараптар бири-бирин угушту. Эл аралык өнөктөштүн күчтүү колдоосуна ээ болушту. Ал эми мындан аркы жыйынтыктар тараптардын ар биринин аракетине көз каранды болмокчу.

