19:50
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Кыргызстанда той-аш өткөрүүгө чектөө киргизилет. Мыйзамдолбоор сунушталды

Жогорку Кеңеште той-ашка чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууда.

Анда төмөнкү чектөөлөр сунушталууда:

— үй-бүлөлүк иш-чаралар 100-200 конок менен;

— Той 200-300 киши менен;

— Үлпөт кортеждери үч унаадан ашпашы керек; человек.

— Маркумду акыркы сапарга узатууда ири мүйүздүү мал жана жылкы союусуз өткөрүлөт;

— Маркумдун элесине арналган иш-чараларды 100дөн 300гө чейин адамды чакыруу менен өткөрүлөт.

Той-ашты атайын түзүлгөн комиссия көзөмөлгө алып, мыйзам бузуучуларга айып пул салынат.

«20 миң сомдун аз экени белгилүү. Бирок 100 миң сом деп да белгилей албайбыз. Ал үчүн Укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет. Анткени анда эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпашы керек деп белгиленип калган», — дейт долбоордун автору Улукбек Ормонов.

Чектөөгө баш ийбей той-аш өткөргөн мамлекеттик, саясый кызматкерлер жумуштан алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар