Кыргызстандын министрлер кабинети тарабынан каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизип, сомго карата басым күчөйт.
«Бардык министрликтерибиз тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт. Азыр биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Биз жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракеттенебиз. Албетте, бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн күчтөр чыгары белгилүү. Мен алдын ала эскертип койгум келет, алардын аракеттеринен эч майнап чыкпайт», — дейт ал.
Садыр Жапаров айыл чарба продуктыларын өндүрүүнү жана аны кайра иштетүүнү кыйла көбөйтүүнү тапшырат.
«Ар бир тамчы суу кымбат, мындай кыйын мезгилде каналдарды, арыктарды тазалоого, болгон нымдуулукту үнөмдөөгө керек болгон каражаттардын баарын бөлдүк. Быйыл айыл чарба тармагына 26 миллиард сом бөлүндү. Ушул жерден жалпы дыйкандар менен фермерлерге ачык айтып коеюн, бул сумма быйыл бардык фермерлер менен дыйкандарга жетпейт. Анткени өлкө боюнча 400 миңден ашуун дыйкан жана фермер бар. Быйыл жетишинче алсаңар, Кудай буюрса, эмдиги жана аркы жылдары дагы көбүрөөк акча бөлүп, үч жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди камсыз кылабыз деген пландарыбыз бар», — дейт ал.

