10:31
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды

Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды. Маалыматты 24.kg агенттигине өзү ырастады.

Анын айтымында, ал бүгүн Ысык-Көл облустук прокурору кызматынан кетүү арызын жазды.

«Мага эч ким кысым жасаган жок», — дейт Сыймык Жапыкеев.

Сыймык Жапыкеев Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда Facebook тармагы аркылуу коррупцияга каршы күрөштү сындап келген. Октябрдагы митингдин активдүү катышуучусу кийин Финполду жетектейт. Мекеме жоюлгандан кийин Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалат. 

Эң көп окулган жаңылыктар