07:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркмөнстанда президенттик кызматка Сердар Бердымухамедов көрсөтүлдү

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын талапкерлиги мамлекет башчысы кызматына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Salamnews_rus кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Түркмөнстандын демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынды. Буга чейин бул партия талапкерлигин сунуштаган Гурбангулы Бердымухамедов үч жолу өлкө президенти болуп шайланган.

Түркмөнстандын президенти 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында «жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин» айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Мунун артынан эле 12-февралда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн билдирип, аны 12-мартка белгилеген.

Сердар Бердымухамедов былтыр сентябрда 40 жашка чыккан. Туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка 2006-жылы шайланган. Ага чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарып келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстан 1991-жылы СССРден көз карандысыздык алгандан бери өлкөдө эркин жана таза шайлоо өтпөгөнүн билдирип келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар