Кара-Балта шаарында мектеп окуучулары мушташты. Бул тууралуу 24.kg Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, мушташ 13-февраль күнү шаардык стадиондо болду. Жабыркагандар учурда ооруканада жатышат.
«14 жаштагы окуучу ооруканага түшкөн. Анын ийнине аркасына бычак тийген», — дейт милиция.
Мушташка 7-8-класстын окуучулары катышкан.