07:14
USD 87.45
EUR 99.02
RUB 1.08

«Милдет бот» телеграм каналы күнү-түнү юридикалык акысыз кеңеш берет

«Салам, менин атым Милдет. Мен виртуалдык юристмин».

Телеграм каналындагы Милдет бот сиз менен алгач ушинтип учурашат. Эгер сизге юридикалык маселелер боюнча кеңеш керек болсо, бул сиздин эң мыкты жардамчыңыз. Үйүңүздөн чыкпай туруп, юристтин акысыз кеңешине ээ болосуз.

«Мисалы, эгер сизди жумуштан мыйзамсыз түрдө кетирип жиберсе жана сиз кайра өз ордуңузга кайтып баргыңыз келсе, Милдет бот муну кантип жасоо керектигин айтып берет. А эгер аял алимент өндүрүүнү кааласа, бул маселе боюнча да кеңеш бере алат жана сотко кайрылуу үчүн доо арызды да даярдап берет. Виртуалдык юрист азыр ар кандай 14 багытта юридикалык кеңеш бере алат жана анын 7си боюнча сотко кайрылууга доо арызды даярдап берет».

Аялдык тилектештиктен жаралган долбоор



Кыргызстандагы эң биринчи виртуалдык юрист-боттун түзүүчүсү юридикалык тармакта 10 жылдан ашуун тажрыйбага ээ ишкер, корпоративдик юрист, адвокат жана медиатор Фатима Якупбаева. Мындан тышкары, эл аралык бейтарап соттордо орбитрдык да кылат. Мына ушундай жумушунун көптүгү ага Милдет ботту иштеп чыгууга түрткү болгон.

«Идея 2019-жылы эле пайда болгон. Мен үй-бүлөлүк маселелерге адистешкен юрист болбогондуктан, бул сыяктуу иштер менен көптөн бери алектенбейм. Бирок, мага андай маселелер менен кайрылган аялдар көп болот, тилекке каршы убактым жок болгондуктан, аларды башка юристтерге жиберим коем. Бирок көп учурда түшүнүп эле турам, айрымдары юристтин кызматын деле төлөй алышпайт. Аларды таштап койгум келген жок, бир нерсе кылып жардам бергим келди. Булар эми андай татаал маселелер эмес, ажырашуу, алимент, мүлк бөлуштүрүү ж.б. бул процессти автоматташтырып коюуга болот».

«Пандемия тездетти...»


Юрист бир жыл бою бул идеяны көтөрүп жүрүп, акыры пандемия учурунда карантинге бардыгы жабылганда ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгон. 2020-жылдын июнь айында 4 багытта кеңеш берген Милдет бот өз ишин баштаган.

«Бул эң сонун да, үйдөн чыкпай туруп акысыз юридикалык колдоо алсаң. Бир жагынан бул бир катар коммуникацияны кыскартты. Мисалы, сотко доо арыз даярдоо үчүн алгач юристке жазылуу керек, анан кезегиңди күтүп, акысын төлөп, доо арызды даярдатып алып, анан сотко баруу керек болот. А бул жерде үйдө отуруп бир нече суроого жооп берип койсоң, документиң колуңда. Ошондуктан, суроо-талап абдан өстү. Сентябрь айында Милдет бот 10 багытта кеңеш бере баштады».

Милдет бот эми үч тилде жеткиликтүү

Милдет бот учурда 14 маселе боюнча жана үч тилде юридикалык кеңеш берет. Соңку жаңыланууларын БУУӨП каржылап берген.

«Долбоорду БУУӨП да жактырып, дагы 4 жаңы функция киргизип беришти: бул аялдар үчүн өзгөчө актуалдуу болгон мүлктү бөлүштүрүү, ажырашуу, аталыкты аныктоо жана сот аткаруучунун аракетсиздигине каршы арыздануу боюнча, бул төрт багыт боюнча тең бот даяр документ камдап берет. Мындан тышкары, БУУӨПтүн жардамы менен Милдет бот өзбек тилине да которулуп, эми кыргыз, орус жана өзбек үч тилде жеткиликтүү болуп калды».

Эң көп окулган жаңылыктар