Анталья шаарында Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду. Бул тууралуу TRT кабарлайт.
Маалыматка караганда, аталган шаардагы Чыңгыз Айтматов паркында жазуучунун айкели расмий түрдө ачылды. Ага Антальянын вице-мэри Муратпаша Хусеин Сары, Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Урмат Үсенов катышты.