03:56
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Бишкектеги эки шайлоо округунда үгүттөө башталды

Бишкектин № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдарында 7-февралда кайра шайлоонун үгүт иштери башталды. Шайлоо компаниясы 26-февраль саат 8:00дө аяктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу эки округдан жалпы 53 талапкерди каттады. Алардын ичинен Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Эки шайлоо округу боюнча шайлоочулардын жалпы саны 215 миң 599 киши. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 16-февралга чейин жүргүзүлөт (tizme.gov.kg сайтынан тактаса болот).

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо «баарына каршы» деген добуштар көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар