Садыр Жапаров эртең Кытайга учуп кетет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги талкууланат.

