16:40
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Аялын сабаган жаран жети күнгө камалды

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде аялын токмоктогон жаран жети күнгө камакка алынды. Аны шаардагы Ленин райондук соту Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) менен күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле анын аялына милиция коргоо ордерин берди.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын билдиришинче, бул маалымат 30-январда түнкү саат 11:00 чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге барганда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тартканы менен милиция бул окуяны териштирип-иликтеп жатканын билдирген.

Анын алдында социалдык тармактарда күйөсүнүн арачалагандарга баш бербей, аялы жыгылып калганына карабай башка-көзгө тепкилеп, сабап жатканы тартылган видео тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар