Каркыра жайлоосунда кармалган кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун Казакстанда соту күтүлөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын Башкы консулу Назарали Арипов билдирди.
Анын айтымында, Сыймык Өмүрбек уулу чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда. Учурда ал тергөө абагында олтурат.
1999-жылы туулган Сыймык Өмүрбек уулуну Каркыра жайлоосунда мал багып жүргөн жеринен казак чек арачылары 10-январда кармап кетишкен.

