USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

COVID-19 вирусунун омикрондон сырткары дагы жаңы штаммдары пайда болууда

12:05, 20 января 2022, Бишкек - 24.kg

COVID-19 вирусунун омикрондон сырткары дагы жаңы штаммдары пайда болууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, окмуштуулардын божомолунда вирус жакынкы эки жылда дагы күчөт алат.

«Вирус дагы жашагысы келет экен. Улам мутация болуп жаңы түрлөрү келип чыгып жатат. Азыр омикрондон дагы башка түрлөрү пайда болгону айтылууда. Коронавирус жакынкы эки жылда жоголбойт деген пикирлер бар», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда вирустун төртүнчү толкуну күч алды. Министр вируска каршы вакцина алууну гана туура көрөт.

«Калктын көпчүлүгү эмдөөдөн өтүшү керек. Калкты вакцина алууга үндөөгө эл өкүлдөрү дагы жардам берсе болот», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика